• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Тагдырдын тамашасы. Атамбаев менен Тюлеев бир рейсте учуптур

22 Тогуздун айы 201817:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Россияга катардагы учак менен учуп кетти.  Бул туурасында сүрөттү  Нариман Тюлеев фейсбук баракчасына жарыялады.

https://www.facebook.com/nariman.tuleev/posts/1878459992244244

Ал эми бул сүрөт чыгары менен социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан кези. Айрым интернет колдонуучулары Атамбаевди  карап  туруп  качырып жибердик.Эми  кайтып келбей коюшу мүмкүн деп жатышат.

Эске салсак, Атамбаев  22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышары айтылган. Мындан сырткары, партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, жыйында Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги алдыңкы партиялар экстремизмге каршы күрөш жана эл аралык маселелерди талкуулай турганын билдиришкен.
Количество просмотров: 14