• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

КСДП менен Илмияновдун окуясы Президенттин легитимдүүлүгүнө доо кетирдиби?

22 Жетинин айы 2018 18:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Жогорку Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновдун  баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Тактап айтканда, ал 28-ноябрга чейин камакта калтырылды.  Кылмыш Кодексинин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Москвадан кармалган Икрам Илмияновдун тагдыры КСДПнын ичиндеги тымызын тиреш, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков ич күптүлөрү ачыкка чыга баштады. Алгач учурдагы президент унчукту, ага жоопту Атамбаев “Апрель” телеканалынан берип, мурдагы шоопуру тууралуу дагы айтып өттү.
Кызыгы, саясатчы Адахан Мадумаров Алмазбек Атамбаевдин “Сооронбай Жээнбековду бийликке мен сүйрөп келгем» деген пикиринен улам “качанкыга чейин сүйрөлгөндөрдү президентикке шайлай беребиз” деп суроо салып, “Кыргызстандын бийлигинин аброюна эл аралык деңгээлде шек келтирилип, президенттик шайлоонун жана анын легитимдүүлүгүнө доо кетти” деди.
Эске салсак, Икрам Илмияновго ачылган кылмыш ишине байланыштуу УКМК КСДПга кат жиберип, Икрам Илмиянов алды делген паранын чоо жайын сураган.
«Тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда штаб башчынын орун басары Икрамжан Илмияновго «Дизель комплект» компаниясы тарабынан 150 миң доллар өлчөмүндөгү «демөөрчүлүк жардам» бергени боюнча маалымат айтылды. 2017-жылдын 8-августунан кийин Икрамжан Илмиянов же башка адамдар тарабынан аталган сумма КСДПнын ишмердүүлүгүн колдоо максатында берилди беле?» деп айтылат катта.
Маалымат-катчы Кундуз  Жолдубаеванын билдиришинче, КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.
«Шайлоого даярдыкты, анын ичинде каржылык маселелердин баарын талапкер жана анын штабы түздөн-түз чечкен. Мыйзамга ылайык, талапкер өзүнүн шайлоо штабын жана шайлоо фондун түзөт. Саясий партиялар анын ичинде КСДП да талапкердин шайлоо штабына жана шайлоо фондуна кийлигише албайт. КСДП «Дизель комплекттен» же башка бир адамдан акча алган эмес. Мындан улам УКМКга «суроолор боюнча каржылык документтер сакталган президенттикке мурунку талапкер Сооронбай Жээнбековго же БШКга кайрылууну сунуштайбыз» деп жооп бердик»-дейт ал.
Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин кемсинтүүлөргө жык толгон маегине дагы, Адахан Мадумаров сыяктуу атаандаш саясатчылардын ар кандай пикирлерине дагы үн каткан жок. Маалымат-кызматы дагы ооз ача элек. Болгону президент “Кыргызстандын саясий элитасы бирин бири сыйлаганды жана укканды үйрөнүшү керек деп эсептей турганын гана айтып тим болду.
Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делген эсептерди баракчасына жарыялап,   Президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева муну жалган маалымат атап, андай жалган маалыматтар боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Ошентип бир кезде Алмазбек Атамбаев мыйзамды бузуп, алдын-ала мактаган “мураскери” менен олку-солку абал жаралып калды.   
Жыйынтыктап айтканда, Адахан Мадумаров күйүп-бышканына кошумча, Икрам Илмияновго козголгон кылмыш ишинде учурдагы президенттин аты-жөнүнүн аталышы,  2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы жана анын уулу, КСДПнын квотасы менен  БШКнын каржылык, көзөмөл-ревизиялык тобунда иштеген Адилет  Сатыгуловдун өлкөдөн чыгып кетиши бир топ шек жаратат. Эл аралык коомчулукта президенттин легитимдүүлүгүнө шек жараткан жагдайлар жаралып калса абал башкача болмок…

 

Количество просмотров: 37