• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Атамбаев Тюлеевди жоошуттубу?

23 Тогуздун айы 2018 14:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.10.2018.Govori.TV.
Атамбаевдин убагында 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок, мамлекетке келтирген зыянын толугу менен төлөп берип боштондукка чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Тюлеев өзү менен болгон окуяларга мурдакы президент Атамбаевди күнөөлөп келгени белгилүү.
Бошоп чыккан Тюлеев Атамбаевдин кошулуу жөнүндө сунушун четке какканын жарыялап, Алмазбек Атамбаев менен бирикмек тургай, бир ажаатканага чоогу кирбесин жергиликтүү маалымдоо каражаттарына айтканы бар.
 Кечээ Атамбаев Москвага сапар алды. Аны менен бирге учакка отуруп калган Тюлеев сүрөтүн жарыялап “качырып ийдик”,-деп жазып, Атамбаев көрмөксөн, укмаксан болуп жатканын кошумчалаган.
Андан көп өтпөй Тюлеев,  Атамбаев экөөнүн селфисин чыгарган. Коомчулукта чоң талкууга түшкөн селфинин артынан ага карата түшүндүрмөсүн да жазган.
Саясат ушундай ойго келбес бурулуш жасаганы менен кызык болсо керек. Кечээ эле бет карашпай, урушуп, ар кандай терс пикирлерди айтышып келген саясатчылар бүгүн эле кол кармашып, а түгүл селфиге да түшүп койгону бар.

Количество просмотров: 21