Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен Москвага кетип бараткан жеринен сүрөт чыкты. Анда Атамбаевди бир жансакчы коштоп жүргөнүн көрсө болот.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышканы учүн Москва шаарына барары тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирген.
Иш-чара 24-27-октябрда өтөт. КСДПнын басма сөз кызматынын өкүлү 28-октябрда Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кайтып келет, деген убада таратты.
Муну менен бирге, Атамбаевдин Москвага болгон сапары, анын эң жакын кеңешчиси болуп жүргөн Илмиянов камакка алыган учурга туш келүүдө. Бул жагдай аны тынчсыздандырып, үн катпай отурган Атамбаевди ордунан козгоду.
Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылганы тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Азаттыкка билдирген.