• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Атамбаев уюштурган уранга каршы митингге өзү келген жок

26 Чын куран 201910:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында айрым жарандар Кыргызстан аймагында уран кенин казууга таптакыр тыюу салуу талабы менен акцияга чыгышты.

Алар кыргыз өкмөтүнөн өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин бул акциянын башында уранга каршы КСДП тураары айтылган. Бирок, Атамбаевдин патиясы уюштуруп жаткан нааразычылык акциясына Атамбаев өзү келген жок.

Эске салсак, 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган

Количество просмотров: 21