• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Атамбаев уран кенин иштетүү маселеси анын убагында жактырылганы тууралуу үн катты

24 Чын куран 201917:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

 Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин деңгээлинде каралган эмес. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, А.Ш. Атамбаев өлкө президенти болуп турган мезгилде чиновниктер Кызыл-Омполдогу уран кенин өнөржайлык казып алууга уруксат бергенге даашпай, геологиялык чалгындоо иштерине гана уруксат берүү менен чектелишсе керек.

«Кыргызстандын тоо-кен казуу тармагында А.Ш. Атамбаев артыкчылыктуу деп эсептеген кыйла келечектүү жана коопсуз долбоорлор бар. Дал ушул себептен А.Ш. Атамбаев 2019-жылдын 27-мартында «24.kg» маалымат агенттигине жарыяланган макаладан уран иштетүүчүлөрдүн «бийлик тарабынан, тактап айтканда, Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттары тарабынан толук колдоого алынып, жардам көрсөтүүлөрүн» окуп, таң калган»,-деп айтылат маалыматта.    

ЖК депутаты КСДП партиясынын өкүлү Иса Өмуркулов Кызыл-Омпол уран казуу ишинин лицензиясы боюнча убагында Атамбаев туура эмес кылганын, өзү лицензия бергенин айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уранды казууга кол койгондорду атады.

«Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү.


Количество просмотров: 19