• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев Жапаровдун энергетика боюнча айткандарына жооп берди

10 Жетинин айы 202519:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу президент Садыр Жапаровдун акыркы билдирүүсүнө жооп берди. Мурдагы мамлекет башчынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган постто анын президенттик убагында ишке ашкан энергетикалык долбоорлор жана электр жарыгына байланыштуу Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу сөз болот.

«2010-жылдан кийинки мезгилде «Датка–Кемин» жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана «Датка» подстанциясы курулуп, ишке берилди. Бул – бүгүн «суверендүү энергетика» деп аталып жаткан түшүнүккө негиз берген биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбыздын өзөгү. Мурун биздин 4,5 млрд кВт⋅с саатка чейин электр энергиябыз кошуналардын түйүндөрү аркылуу транзит болуп өткөн. Ошол үчүн Кыргызстан жыл сайын Узбекистанга 8 миллион долларга чукул акча төлөп, Казакстанга болсо 5,6–7 млн долларлык электр энергиясын берчү. Мындан тышкары, казак тарап транзит акысынын жылдык көлөмүн 30–33 млн долларга чейин көтөрүүнү пландап жаткан. Демек, келечекте биз өз электр энергиябызды өз колубуз менен өткөрүү үчүн эле жылына 38–41 млн долларга чейин жоготмокпуз.

Ошол эле учурда өлкөнүн түндүк бөлүгүндө кубат жетишсиздиги 500 МВтка чейин (жалпы керектөөнүн 40 пайызына чейин) жеткен, буга «Токтогул ГЭСи – Фрунзенская» линиясындагы өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгү себеп болгон. Ооба, «Датка–Кемин» линиясына жарым миллиард долларга жакын насыя жумшалды, бирок анын эсебинен биз өз энергетикалык шакегибиздин толук көз карандысыздыгын алдык жана 10 жыл ичинде эле бул каражатты толук актай алдык – кошуналарга жылына 40 млн долларга чейин төлөнчү каражат үнөмдөлдү. Бүгүн бул чечимден өлкө таза утушта турат.

2012-жылдан тартып өлкө үчүн эң маанилүү объект – Токтогул ГЭСин масштабдуу реабилитациялоо иштери башталды. Реабилитациянын натыйжасында өлкө кошумча 240 МВт кубаттуулукка ээ болду. Контракттар, насыялык келишимдер, долбоордук иштер, модернизациянын алгачкы этаптары дал биздин мезгилде даярдалып, ишке киргизилген. Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорго даярдык 2012-жылдан тарта жүрүп келген. Биринчи фаза – трансформаторлорду, 500 кВ линияларын жана башка негизги жабдууларды алмаштыруу – бул бийлик келгенге чейин эле толук аяктаган. Экинчи фаза – №2 жана №4 гидроагрегаттарын алмаштыруу – 2017-жылы АӨБ менен кол коюлган келишимдин негизинде каржыланган.

Ошол эле мезгилде Бишкек ЖЭБи модернизацияланып, 300 МВт кошумча кубат берилди. Ооба, анын айланасында талаш-тартыштар, кылмыш иштери, саясий чуулгандар болду. Бирок бир жөнөр факт бар – бүгүн Бишкекти жылуулук жана жарык менен камсыз кылып турган дал ушул жаңыланган ЖЭБ. Ошол жылдары чакан жана жеке ГЭСтер өнүгө баштаган, тармактарды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргөн.

Ошондуктан ошол кезде «600 долларлык кычкач» деп ызы-чуу көтөргөн, анын ичинде Кыргызстанда сатылбаган, атайын вулканикалык резина жана анын жанында кычкачы да бар комплект TBEA тарабынан алынып келингенин биле туруп, дээрлик 6 жыл бою энергетикалык көйгөйлөрдү чечип келген кесипкөй адистердин бүтүндөй командасын соттотуп, куугунтукка учураткан эки жүздүүлөрдү бүгүн көрүп абдан кейийм. Бүгүн болсо алар Камбар-Ата-2деги Ширшовдун майнинг фермалары үчүн трансформаторлордун баасы 4,8 млн сомдон 55 млн сомго чейин, башкача айтканда 34 эсе кымбаттатылып жатканына көз жуумп отурушат», — деп жазылат кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абалга токтолуп, дагы бир жолу калкты энергияны үнөмдөп, сарамжал колдонууга чакырган. 

Количество просмотров: 3691