• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Атамбаевчилер Бабановду күтүп жатышканын айтышты…

10 Чын куран 201918:26 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишин
КСДП колдойт. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.

«Бабановдун кайтып келүүсү жакшы белги. 1,5 жылдын аралыгында анын күнөөсүн далилдеген жагдайлар табылбаганы үчүн бийлик тарабынан ага тоскоолдуктар болбоосу керек. Ө. Бабанов күчтүү инсан экенин билебиз, ал эми азыр биз анын жоопкерчиликтүү саясий ишмер катары калыптанып жатканын көрүп жатабыз»,- деди Жолдубаева.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1314497905368086&id=100004236677669

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде саат 14:50дө келээри белгилүү болду. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 13