Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, чечим 1-апрелде кабыл алынып, ага ылайык Атамбаев 7-июнга чейин №47 түзөтүү абагында болот.
Атамбаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча 2019-жылы августта кармалган. 2020-жылы октябрь окуясында бир топ саясатчылардын катарында мурунку президент Атамбаев да тарапташтары тарабынан абактан бошогон. Бирок, ал кайрадан кармалып, УКМКнын абагына камалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулган.