Бүгүн, 11-майда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум орун алды.
Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев бир нече күндөн бери өзүн жаман сезип жатканын, бирок ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканы айтылды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзунүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Жолдубаева Сагымбаевден коронавирустун белгилери бар экенин жазган.
Ал тезинен чара көрүүнү талап кылып, СИЗОдо коронавирус жуктурган учур барбы, жокпу маалыматты берүүнү жазган. Эгер ЖАМК илдет чыгып, аны жашырып жаткан болсо иш козголуусу керек деген пикирин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кийинки сот отуруму 18-майда өтөт.