• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин катасы оңдолду. Президент А. Шыкмаматовду Туруктуу кеңешке кошту

10 Баш оона 2018 12:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.08.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына кошту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Анда Президент 7-августта кол койгон жарлыгы менен Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрүп, ага «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулган.
25 кишиден турган кеңештин курамында Президент, спикер Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештеги калган беш фракциянын лидерлери, президенттик аппараттын жетекчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, башкы прокурор, БШК төрайымы, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, экономика, финансы министрлери, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, «ЭкоПартнер» консалтингдик юридикалык компаниясынын, «Жарандык Платформа» коомдук фондунун, «Жер Азыгы» ассоциациясынын жетекчилери, өкмөт алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы, Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы, Өнүгүү саясаты институтунун башчылары бар.
Эске сала кетсек, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин аталган кеңештин курамынан чыгарып салган болчу.
Количество просмотров: 2