Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Экс-президент А.Атамбаевдин кеңешчиси Д. Догоев кармалганы тууралуу маалымат тарады. Ал эми бул маалыматты “чындыкка дал келбейт”, –деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Д. Догоев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарып, 2018-жылдын 14-февралында өз каалоосу менен кызматтан кетип, Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.
Быйыл 22-февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси барлар катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин да аты бар болчу.