• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Каптагаев: Атамбаевдин кайрылуусун окуп, айла жоктон тобоо дейсиң

13 Жетинин айы 2019 14:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрда КСДП экс- президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн жарыялады. Буга байланыштуу саясатчы Эмилбек Каптаев фейсбуктагы өздүк баракчасына өзүнүн пикирин жазды.

Атамбаев: «Ак иштедим, так иштедим, периштедей тазамын, буга чейин камалгандарды кое бергиле, баарына мен жооп беремин, канча десеңер ошончо жылга түрмөгө кесип жибергенге да макулмун» — дегендей кайрылуу кылыптыр. Тобоо дейсиң айла жоктон. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» — дегендей эле болуптур кайрылуусу. «Мен жооп берем, баары менин тапшырмам менен жасалган» — деген сөздү мындан жок дегенде 3 ай мурда айтпайт беле, катын-калачты короо толтура чогултуп алардын этегине жашынгандан көрө ошол учурда өзү эле барбайт беле тергөөчүгө. Эмне сурооңор бар деп, жатты го мыйзамыңды дагы, мамлекетиңди дагы уруп ойнобойм деген кыязда мылтыгын кезеп «келсеңер атып салам» — деп коркутуп. Эми минтип «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» койгондон кийин аксымданып элге кайрылбай.
Атамбаевдин эл алдында, өлкө алдында күнөөсү Акаев менен Бакиевдикинен ашса ашып, кемибей турганын көрүп да, билип да турат азыр баары.Ичип-жеген коррупциялык иштерине кечирим болсо дагы, 2010-жылы Апрель революциясында «Элим, жерим үчүн!»-деп көкүрөгүн окко тосушкан эр-азаматтардын арбактары тебеленип, революциянын максаттары жокко чыгып калганы үчун эч кандай кечирим жок! «Жоругу жолдо калсын» — дегенден башка эмне деп айтууга болот. Өз башы менен кетсин. Бирок бул окуядан бийлик өкүлдөрү дагы, айрыкча соттор, прокуратура, милиция жана коопсуздук кызматтары сабак алуусу парз. «Бийлик алмаша берет экен, биз кала берет экенбиз» — деп каалаганын кылып, каалаганын алып, каалаганын кысып-сындырып отура берүүгө болбойт мындан ары. Жоопкерчилик катуу болуусу толук ыктымал, эл толкуну жаман, аны эч ким токтото албайт! Президент Жээнбеков «мен тазамын» дегендей эч нерсеге кийлигишпей, ал эми ылдый жактагылар «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип калды» — деген пикир азыр эл ичинде өтө кеңири тарап калды. «Баары жакшы, баары жайында, баары көзөмөлдө» — деген отчетторду органдар Акаевге дагы, Бакиевге дагы, Атамбаевге дагы байма-бай берип келишкен, азыр Президент Жээнбековга да ошондой эле отчет берип жатасыңар. Ойлонгула дейт элем, от менен ойнобогула! Ушундан улам Кой-Таш окуясы боюнча Клара Сооронкулованын позициясы абдан туура, «кылгылыкты кылгандардын» экинчи жагы прокуратура менен укук коргоо органдарынын жетекчилери, өкмөттөгү бул тармакты тейлеген чиновниктер, мына ушулар дагы өз милдеттерин так жана мыйзам чегинде туура аткарбагандары үчүн Атамбаев кандай катуу жазасын алса, ошого тете жазаларын алуулары зарыл. Бул учурдагы коомдун талабы. «Керкисинен дагы, кемигинен дагы кетип калды» — делет мындай учурда. Жымсалдоого, жасап-түзөөгө, бийлик тараптагы күнөөлүлөрдү жазадан куткарууга болгон аракет окуяны «Аксы синдромуна» айлантат. Элдин назарын сындырып, жаза алган тарапка боор тартуусуна алып келет, бул факт. Окуя боюнча жазанын адилеттүүлүгү мындан аркы өлкөнүн келечегин аныктай турган эң маанилүү фактор экендигин жадыбыздан чыгарбайлы, туугандар!
 

Количество просмотров: 729