• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин кол тийбестиги кылдын учундабы?

13 Бештин айы 2018 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат.  «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу»  мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген.  Долбоордун авторлору экс-президентке кол тийбестикти кепилдеген мыйзамдагы 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептеп, ал беренени алып салууну сунушташкан.

Исхак Масалиевдин айтуусунда  бул сунуш жаңылык эмес. Буга чейин 2014-жылы Алмазбек Атамбаев президент учурунда Адилет министри «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, бирок Атамбаевдин каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңешке жетпей калган.

Мындай жагдай экс-президент макамынын ээси Алмазбек Атамбаевдин уйкусун качырып, аз аралыкта эки жолу элге кайрылуу жасап, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келүүдө жаңылыштык кылганын, керек болсо ал менен элдешүүгө аракет жасаганын “Апрель” телеканалы аркылуу бирде кайгырып, бирде кайрылып отуруп айтты.  С

Эл өкүлү КалдарбеБаймуратов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин жасаган ишининаркасын жабуу максатында Сооронбай Жээнбеков менен элдешип, бүтүрүп алайын десе керек. Бирок, учурдагы президент Жээнбеков андай кадамга барбай койгонуна байланыштуу ушундай ыкманы колдонуп жатат деп эсептейт. 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун акыйкаттуу жактарын бар экенин белгилөө менен бирге, ким болбосун туура эмес иши үчүн мыйзамчегинде жооп бериши керек. А бирок, Атамбаевдин акыркы кадамдары өзүнүн коргонуу чарасын көрүп жатканын айгинелеп койду. Кантсе да эки тараптын тиреши жакшылыкка алып келбейт. Андыктан башкы орунда өлкөнүн тынчтыгы жана биримдиги болуусу абзелдигин айтты. 

Количество просмотров: 35