• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин убагында коррупция менен резонанстуу камоолор болгон

11 Бештин айы 2018 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

Экс-президентАлмазбек Атамбаевдин учурунда деле коррупция менен күрөшүүдө резонанстуу камоолор болгондугун жана көп учурда соттун чечими менен коюлган күнөөлөр туура эмес экендиги аныкталып калганын,  Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов айтты.

Анын айтымында азыркы коррупцияга каршы күрөшүүдө болуп жаткан иш-чарага баа берүү эртелик кылат.

“Чуулгандуу ЖЭБ маселеси, андан кийинки мурун вице-премьер-министр болуп иштеген Зилалиевдин кармалышы конкреттүү түрдө кадамдар боло баштады деп ойлойм. Негизи сен баштадың, мен баштадым дебей ар бир бийликтин тушунда өзүнчө программалар түзүлүп, коррупцияга каршы күрөш жүрүп келген”,-дейт Ормонов.

Кошумчалай кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде учурдагы коррупция жаатында жүрүп жаткан иш-аракетти жөн гана көз боемочулук деп атап, жемкорлук менен күрөшүүнүн башатын өзүнүн командасы баштап алгылыктуу жыйынтык көрсөткөнүн айткан.  

Количество просмотров: 29