• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Калдарбек Баймуратов: Атамбаевдин учурунда коррупция менен күрөшүүнү көргөн эмесмин

11 Бештин айы 2018 15:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде учурдагы коррупция жаатында жүрүп жаткан иш-аракетти жөн гана көз боемочулук деп атады.

Азыркы коррупция менен болгон күрөшкө сиз кандай баа бересиз? Сиз коррупция менен күрөштүңүзбүже күрөш азыр башталып атабы?,-деген суроого Атамбаев төмөндөгүдөй жооп айтты.

—Эми мен эки элемисал келтирейин. Мен күрөштү баштаганда, бюджет абдан тартыш болчу, мамлекеттин киреше бөлүгүнүн көбүн бажы берет. Ошондуктан 2010-жылдын жайында бажыга Кубанычбек Кулматовду алып баргам. Кулматов үч жылдын ичинде кирешени үчэ сеге көбөйткөн. Бул- бир мисал. Экинчи мисал, мына өткөн жылы дээрлик декабрга чейин мен президент болдум, мен дайындаган күч орган кызматкерлери  жыл аягына чейин иштеди. Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке 8,5 миллиард сом өткөрүлгөн. Эми мына азыр 11 ай өттү. Өкмөттүн атайын депозиттик эсебине жылдын башынан тартып,  6-декабрга чейин 701 миллион сом тушүптүр. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 11 айда 3 млрд. 251 млн. сом кайтарып бериптир. Муну кошсок 3 млрд. 953 млн. сом  болуп атат. Макул 4 млрд. дейли. Өткөн жылы бакылдабай-сакылдабай  эле Атамбаевдин командасы 8,5 млрд.сом өткөрүп берген. Бирок булар элди алдап атат, булар бакылдаса, эл да ишенип атат. Бирок 8,5млрд.сом  Атамбаевдин командасыныкы жана 11 айда 4 млрд, макул 12 айда 4,5 болсун, эки эсе азайып атпайбы. Мына цифраларды алсак, жыйынтык ушундай. Чындыгында коррупция менен күрөшүү эки эсе азайып атпайбы. Анткени азыркы бийлик, ошол эле Асылбек Жээнбековду тойлордо ким менен жүргөнүн көрүп атабыз-  Раим миллион, Акмат Келдибеков жана башкалар. Булар коррупция менен күрөшүп атабыз деп коюп, тескерисинче коррупционерлерди бажыга, салык кызматына, баардык органдарга алып келип атат. Керек болсо УКМКда дагы ошондой абал деп угуп атам. Ошондуктан бул эч кандай коррупция менен курөшүү эмес. Бул – көз боемочулук, элди алдоо. Ошондуктан азыр бюджет дагы тартыш болуп атат.

Бул тууралуу ЖогоркуКеңештин депутаты Калдарбек Баймуратов өз оюн билдирип, Атамбаевдин убагында эч кандай коррупциялык күрөш болбогонун айтты.

“Мен Атамбаевдин убагында эч кандай коррупция менен күрөштү көргөн эмесмин. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин  учурунда коррупцияга каршы күрөш болуп атат”,-дейт эл өкүлү Баймуратов.

“Буга чейин бир жолу дагы премьер-министрдин же болбосо министрлердин Жогорку Кеңешке келип, сурак берип же болбосо укук коргоо органдарына отчет бергенин уккан эмесмин”,-деп кошумчалады  Баймуратов.  

Количество просмотров: 48