• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Атамбаевдин манипуляциясы: Ээ болбой калган хан сарайына балдарды аралаштырды

9 Кулжа 202215:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.


Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналисти мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыялар үйү болгону турат. Эмнеге мындай чечим кабыл алынды?», — деген суроо узаткан.

Президент жооп берип жатып, өлкө боюнча карылар үйү жетишсиз экенин айткан.


“Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү»,-деди.


Мындан сырткары Атамбаевдин тарапташтары койгон дооматка да жооп берди.


«Анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз”, — деп жооп берген өлкө башчысы.


Кошумчалай кетсек, Атамбаевдин жакында эле мамлекетке «балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору» үчүн бердим деп, айтканы коомчулукка жагынуу ирээтинде айтылгандай болуп калды.


«Албетте, мамлекеттик мүлкө өткөн жайды Атамбаев чечеби?»,- деген суроо жаралбай койбойт. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кат жүзүндө суроо жолдоп, жообун алалбай жатканбыз.

Көрсө ал жердин карылар үйүнө айланаары ээбак чечилген иш экен.

Количество просмотров: 330