• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Атамбаев Кой-Таштагы үйүн балдар үчүн ден соолукту чыңдоо комплекси кылууну тапшырды

30 Бугу 2022 15:22 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө 10-июнда эс алууга муктаж балдар үчүн акысыз билим берүүчү-ден соолукту чыңдоочу спорт комплекси ачылат. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге Атамбаевдин тапшырмасы менен ишке ашуу алдында турат.

«Бүгүнкү күндө ремонт иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле, элдин жана Апрель окуясына байланыштуу уюмдардын суранычы жана Атамбаевдин тапшырмасы менен «Боз үй» имараты «7-апрель — антибакиевдик символ» аттуу музей болот. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттин эсебинен курулбаган бирден-бир имарат – Атамбаев президент болуп турганда мамлекетке өткөрүп берген резиденция, калгандары мамлекет тарабынан курулган үйлөрдө жашап, иштеп жатышат», — деп жазат ал.

Количество просмотров: 9518