Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Кыргызстандын атынан барган жаш шахматчы Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль утуп алды.
Маалыматка ылайык, «Abu Dhabi International Chess Festival 2018» турнири 8-14-август күндөрү Абу-Даби шаарында өткөрүлдү. Турнирде жалпы 7 категория боюнча медалдар ойнотулду.
Кошумчалай кетсек: Селим Атамбаев 10 жашка чейинки балдар арасындагы мелдешке катышты.
Кыргызстандык спортчу тогуз оюндун ичинен беш жолу жеңип, эки жолу теңме-тең чыгып, эки жолу атаандашына уттуруп жиберди. Оюндун жыйынтыгында ал 6 упай топтоп, Индиянын спортчуларын артта калтырып 1-орунду ээледи.
Селим Атамбаев алтын медаль тагынып, 500 доллар сыйлык менен сыйланды.