• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин тарапташтарынын соту 1 сааттан ашык убакыт өтсө дагы баштала элек

3 Бирдин айы 202017:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун, Атамбаевдин Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, КСДП партиясынын мүчөлөрү Фархат Баабиев жана Рыспек Карыпбек уулунун баш коргоо чарасы каралып, №1 Тергөө абагында камакта кармалуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун өтүнүчүн карамак. Бирок сот отуруму белгиленген убакыттан 1 сааттан ашык убакыт өтсө дагы баштала элек. 

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында камакка алынган Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасы буга чейин каралып, 9-февралга чейин №1 Тергөө абагында камакта калтыруу чечими чыгарылган.

https://www.youtube.com/watch?v=3R89NExcjmE&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2HM6pU7Iy3yo8Q-lmT4tcwVDVo1grfBUmuvjyai_7_A_9Mx9A3IznmLic


Количество просмотров: 121