• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Атамбаевдин уулу «Кумтөр» боюнча айтылган айыптоону четке какты

13 Бугу 202111:41 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда атасынын дарегине айтылган айыптоолорго жооп кайтарды.

Ал 13-майда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты” деп жазды.

12-майда Жапаров комиссиянын отурумунда “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгы изилденип жатканын айткан жана “Атамбаев Алмаз Шаршенович шайлоо өнөктүгү учурунда “Центерра” компаниясынан 10 миллион доллар алган” деп билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат. 2019-жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, 11 жылга кесилген. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы үчүн да айыпталууда.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Количество просмотров: 381