• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаевдин жактоочусу да суракка баруудан баш тартты

9 Теке 201912:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.  

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев ИИМдин Тергөө башкармалыгына баруудан баш тартты.

«Чакыруу кагазы мыйзамдын негизинде жазылган эмес. Атамбаевдин иммунитети күчүндө. Чакырууну кечээ жөнөтүп, бүгүнкүгө чакырып жатышат. Кагаз менен таанышуу үчүн убакыт керек. Мен кат жөнөтүп, тергөөчү менен сүйлөшөм», — деди юрист.

Эске салсак, чакыруу кечээ, 8-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген. Анда Атамбаев тергөө башкармалыгына 9-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган.

Ал эми Алмазбек Атамбаев бул боюнча комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 11