• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды

8 Бирдин айы 2019 15:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Атамбаевдин БАЭ болгон сапарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9- кызматынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев коштоп барган. Кечээ Мусакеев суракка чакырылган. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, «Мусакеев аскердик прокуратурага чакырылып, Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, андан башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндө чечим чыгарды. Мусакеев «УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп эч негизсиз эле шек саналууда», — деди Жолдубаева

Дамир Мусакеев УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы болуп 2016-жылдын июнь айында дайындалган. Бул кызмат менен кошо УКМКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аркалаган. 2018-жылы өз арызы менен иштен кеткен.

Бул кызматка чейин ошо кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөн Мусакеев азыркы учурда да экс-президентти кайтарып жүрөт.

Количество просмотров: 4