Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге кезектеги айып тууралуу 2 жума мурда кабарланган. Бул маалыматты жактоочусу Замир Жоошев социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.
Жактоочунун маалыматы боюнча, ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди «Ала-Тоо» аянтында 2020-жылдын 9-октябрында болгон баш аламандыкты уюштурууга байланыштуу айыптап жатат.
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 2020-жылдын 6-октябрынын түнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынан чыгарып кетишкен.