• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевге таандык делген «Чуңкурчак» талашка түштү

19 Жетинин айы 2019 19:23 Бишкек Govori.TV

«Твиттер» баракчасынын колдонуучусу Азамат Акенеев өздүк баракчасына мурдагы президент Алмазбек Алмазбек Атамбаевге таандык делген «Чуңкурчак» эс алуу комплекси камакка алынгандыгы чынбы?-деген билдирүүсүн калтырып, кышкы сезондо комплекс иштебей калышы мүмкүн деген маалыматтарды угуп жатканын жазган.

Ал эми «Чуңкурчак» эс алуу комплексинин администратору Анна Симонова социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарды четке кагып, учурда кышкы сезонго даярдыктар кызуу жүрүп жатканын Kaktus.media сайтына билдирген.

«Бизде мүлктү камакка алуу тууралуу эч кандай маалымат жок. Эс алуу комплекси адаттагыдай эле иш алып барууда. Азыр биз кышкы сезондун ачылышына даярдыктарды көрүп жатабыз”,- деп кошумчалаган Анна Симонова.

Белгилей кетсек, аталган эс алуу комплекстин директору мурдагы президент Атамбаевдин тууганы Нурлан Шаршенов. Ал Атамбаевдин жана туугандарынын банктык эсептерин текшерүү керек деп чыккан тизмедеги 22 адамдын катарына кирген.

Количество просмотров: 64