• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Эгемендик күнүндө этнобазар уюштурулду

31 августа 2022 в 17:52 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жана Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Келген конокторго атайы шаарча курулуп, этнобазар уюштурулган. Ага өлкөнүн 7 дубанынан келишкен.

«Этнобазарга Кыргызстандын булуң-бурчунан келишти. Мисалы, ала кийиз жасоо боюнча Талас облусу, шырдактын жасалышы боюнча Нарын облусу, килем согуу боюнча Баткен облусу чыкты. Баардык облуста өзгөчө буюмдар бар. Фестивалга чыгуубуздун башкы максаты кыргыздын салттуу маданий өнөрүн жайылтуу»,-деди кол өнөрчүлөрдүн төрайымы Жамбыл Карыбекова.

Количество просмотров: 113