Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, асфальттоо иштери апрель айында башталат. Учурда жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылы суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.
Аталган жол туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Жол тоо лыжа базасына жана аймактагы эс алуу жайларына алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.