• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Атамдын айткан сынына чыдаган жок». Бекназаров өзүнө козголгон иш боюнча

10 Тогуздун айы 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралууда.

Учурда Бекназаров сотко алынып келинди. Сот залынан Бекназаров «Govori.TVга» кыскача комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин айтты.

«Айып боюнча эч нерсе деп айта албайм. Бир-эки эле маселе… эки достун иши. Ал саясат, саясатка үй-бүлөнү аралаштырды. Атамдын айткан сынына чыдаган жок. Бул жерде башка эч нерсе жок, кылмыш да жок», — деди ал.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал баласынын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Эске салсак, 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.

Количество просмотров: 833