• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шаардык сот Бекназаровду камакта калтырды

30 Аяк оона 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отурум өттү. Шаардык сот райондук сотунун буга чейинки чечимин кучундө калтырды.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.

14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган

Количество просмотров: 225