• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Руслан Бекназаров сотко жеткирилди

10 Тогуздун айы 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралууда.

Учурда Бекназаров сотко алынып келинди.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал баласынын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Эске салсак, 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.

Количество просмотров: 373