• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Руслан Бекназаровго өкүм чыкты

25 Чын куран 2023 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровго карата чечим чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Бишкектин Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал бир жылга эркиндигинен ажыратылып, бирок ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулду.

Ошондой эле Бекназаров «Террордук ишке көмөктөшүү» беренеси боюнча анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын сентябрында экстремисттик материалды жайылтууга шектелип кармалган. Ноябрда Бекназаров үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 23