• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Атамекенчилер» апрель баатырларын эскерип жөө жүрүшкө чыгышты (видео)

7 Чын куран 2018 11:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.04.2018.Govori.TV.
Бүгүн 7-апрелде «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү  2010-жылдагы Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата  Бишкекте жөө жүрүшкө чыгышты.
Жүрүшкө чыккандар  Ак үйдүн алдындагы «Эл эркиндиги үчүн» монументине гүл коюп, куран түшүрүштү.
Жүрүшкө чыккандар партия лидери Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго эркиндик берүүгө чакырган, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын сындаган жазууларды көтөрүп алышкан. Алар азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон адилетсиз сотторду жоопко тартууну, реформаны калыс жүргүзүүнү да суранып жатышат. Акция катышуучулары сегиз жыл мурдагы төңкөрүш максатына жете электигин белгилешүүдө.

 

Количество просмотров: 23