• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Баласы атасын саткан чоң күнөө». Депутат Төрөбаев менен Акаев айтыша кетти

10 Жалган куран 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Жанар Акаев ЖКнын жалпы жыйынында кайым айтыша кетти.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жанар Акаев: “Регламентке өтөлү десек эле, чыгып алып Жапаровду колдойбуз деп жатасыңыр, Атамбаевдин учурунда анттим эле минттим эле деп азыр баатыр болуштун кереги жок”, – деген болчу.

Анда Төрөбаев Жанар Акаевдин айтканына нааразычылыгын билдирип, кесиптешинин сөзүнө жооп кайтарды

“Азыр Жанар Акаев кыйытып айтып кетти. Мен бир дагы президенттин баласы болгон эмесмин. Президент мага айткан сындарды даары деп коём. Аны коркпой, уялбай эле айтам. Ал киши өз ыктыяры менен кеткен, биз ага баа бердик. Бирок, баласы атасын саткан чоң күнөө. Эч качан утутпагын, сен ким элең, анан ким болдуң?. Мен сага тийишпедим эле, сен мага кыйытпай сүйлөбө”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Акаев кесиптешин келген президенттин этегине намаз окуйсуң деп айыптады.

“Катуу тийип, чычалап жатканы жакшы. Максатыма жетип, депутаттарды ойготуп койгонума кубанычтамын. Атамбаев менен иштегениме сыймыктанам. Анткени биз болгонун болгондой айтып турганбыз. Силер канча мыйзамсыз нерселер болгондо унчукпай отургансыңар. Мен сиздин ордуңузда болгондо чыгып таптакыр сүйлөбөйт элем. Улам келген президенттердин этегине намаз окудуңуз”, – деди Акаев.

Количество просмотров: 1732