• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атасына болушуп күч кызматкерлерине тоскоолдук жараткан… Окуянын чоо-жайы айтылды

28 Жалган куран 2024 10:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад милициясы соцтармакка тараган видео тууралуу билдирүү таратты. Видеодо атайы багыттагы кызматкерлер тарабынан шектүүнү кармоо учуру тартылган. Анда шектүүнүн баласы күч кызматкерлеринин ишине тоскоол болгон.

Милиция тараткан маалыматка ылайык, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 4-март күнү саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кирпич, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

«Бул факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары 1984-ж.т. Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаранга бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөн. 2024-жылдын 27-март күнү саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында кылмыш ишине шектелген жарандардын бири, Ноокен районунун тургуну 1984-ж.т. Н.С. аттуу жаран милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Н.С. 27-мартта убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 736