• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атасынын эжеси жетим баланы үйсүз калтырды

29 Жалган куран 2021 10:24 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун прокуратура органдары тарабынан жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура райондук прокуратурасы 2020-жылдын сентябрь айында 2010-жылы туулган М.А. аттуу жаш өспүрүмдүн (жарым жетим) кызыкчылыгын коргоп, райондук сотко доо арыз менен кайрылган.

«Жаш өспүрүмдүн атасы каза болгондон соң, атасынын эжеси А.Д. аттуу жаран инисине таандык турак-жайды өзүнө мыйзамсыз түрдө каттатып алып, үчүнчү тарапка сатып жибергени аныкталган.

2021-жылдын 4-январындагы соттун чечими менен прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, жаш өспүрүм атасынан калган турак жайды менчиктештирүүгө укук алган.

Андан кийин, 2021-жылдын 11-мартында райондук прокуратура А.Д. менен К.Т. аттуу жарандардын ортосунда түзүлгөн турак жайды сатуу жөнүндөгү келишимди жокко чыгартуу максатында Кара-Буура райондук сотуна доо арыз келтирди.

Ошондой эле, 2021-жылдын 12-мартында Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жасалма каттоо тактамасы берилгендиги боюнча жана Кара-Буура райондук мамлекеттик нотариусу тарабынан мураскорду аныктоонун тартиби жана негизи белгилеген мыйзам талаптарына ылайык келбегендиги боюнча 2 материал райондук прокуратуранын КЖБРне каттоого алынып, айыптоо актысы бекитилип, райондук сотко жиберилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарандык жана жазык иштер соттун кароосунда турат.

Количество просмотров: 45