• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ататүрк паркы боюнча мэриянын дымактуу демилгеси аягына чыгабы?

17 Чын куран 2024 14:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы «Ататүрк» паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат. Ага ылайык, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы №225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Мэр аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Токтом боюнча 43 гектар жерге турак жай курууга берген жергиликтүү бийликтин уруксаты жокко чыгарылып, жер паркка кайтарылышы керек. Учурда 43 гектарда 198 имарат бар.

Ататүрк паркы боюнча мэриянын дымактуу демилгеси аягына чыгабы? депутаттардын пикирин уктук…

Количество просмотров: 64