• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ататүрк паркында каракчылыкка шектелгендер кармалды

24 Жетинин айы 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин “Ата-Түрк” паркында уюлдук телефон тоноого шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда саат 02:00 чамасында “102” кызматына “Ата-Түрк” эс алуу паркында уюлдук телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган учурда 19 жаштагы А.И. аттуу жигит арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин тапанча менен коркутуп, баасы 14 миң сом турган Redmi Note 9 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкени жазылган.

«Шектүү катары 17 жаштагы Г.У., Р.Б., А.Д. жана 20 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалып, Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 85