• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ататүрк паркындагы жер тилкелери боюнча мурдагы жетекчилердин жоопкерчилиги каралабы?

16 Чын куран 2024 11:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге маалымат жыйын куруп, Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча комментарий берди.

Жунушалиевдин айтымында, мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелеринин айланасында териштирүүлөрдөн соң мурдагы жетекчилерге юридикалык баа берилиши мүмкүн.

«Тиешелүү материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүп, укуктук баа берилсин деген талапты коюп жатабыз»,-деди мэр.

Белгилей кетсек, Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылат. Тийиштүү токтомго кол коюлган.

Анда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге төмөнкүлөр тапшырылган:

Бекитилген чектерде парктын участокторун кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;

Сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузуу;

Сейил бакка келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү;

Укуктук баа берүү жана сейил бактын чектеринде жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү;

Ошондой эле «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасына сейил бактын шаар куруу документтерин, тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортун даярдоо үчүн сейил бактын аймагынын чек араларынын сүрөттөлүшүн даярдоо милдети коюлду. Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясына жана тийиштүү коммуналдык кызматтарга эс алуу жайларын уюштуруу үчүн аймакты көрктөндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилери айтылды.

Количество просмотров: 56