• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атазов: 12 жылдык окууну сунуштоо акылга сыйбаган нерсе

13 Чын куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү туура эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, бул жаштардын убактысын ысырап кылуу.

«Өнүккөн өлкөлөрдө 5-класстан кийин окуучулар шыгына жараша окуусун улантышат. Ал өзүнүн талантына жараша 5-класстан кийинки убактысын тандап алган кесибине бөлөт. Эми 12 жылга чейин окуш деген бул биздин кудайдан берилген убакытты ысырап кылуу деп эсептейм. Экинчиден бул биздин мамлекеттин бюджетине да туура келбейт. Бул акылга сыйбаган нерсе, эмне үчүн муну сунуш кылып жатышат түшүнгөн жокмун. Ал эми өлкөдөгү билим берүү системасын жана идеологиясын өзгөртүү керек. Ошол тарап өзгөрсө жылы мааниге ээ болбойт. Пикиримде биз 10 жылдык окууга кайтышыбыз керек. 10 жыл окуп туруп эле андан кийин өз кесибине жараша жогорку билимин улантуусу туура», — деди Атазов.

Количество просмотров: 1177