Социалдык тармактарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун үйүнө тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган видео тарады.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий комментарий бере элек.
Кошумчалай кетсек, буга чейин БШК Шайлообек Атазовду шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун арызынын четке кагылышына 2024-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени жана 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөнү себеп болгону айтылды.