• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ Шайлообек Атазовдун үйүндөгү тинтүүгө байланыштуу түшүндүрмө берди

30 Тогуздун айы 202512:35 Бишкек Govori.TV

Интернет тармагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө өткөрүлгөн тинтүү тууралуу видео тарады.

Ички иштер министрлиги бул видео актуалдуу эместигин жана тасмадагы көрүнүштөр 2025-жылдын июнь айында болгон тергөө иш-аракеттерине тиешелүү экендигин билдирет.

Ал иш чаралар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

«Азыркы учурда Ш. Атазовго карата эч кандай процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жаткан жок. Эски материалдардын таралышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, маалыматтын булагын жана дезинформациянын жайылыш себептерин аныктоо үчүн текшерүү жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, буга чейин БШК Шайлообек Атазовду шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун арызынын четке кагылышына 2024-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени жана 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөнү себеп болгону айтылды.

Количество просмотров: 570