• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атазов: Мекен үчүн жан берген жоокерлердин ысымын көчөгө берүү аздык кылат

21 Аяк оона 2022 17:03 Бишкек Govori.TV

Мекен үчүн жан берген жоокерлердин ысымын көчөгө берүү аздык кылат. Бул тууралуу Шайлообек Атазов билдирди.

«Мекенди коргоп, бизге бастырып келген душмандардын мизин кайтарган баатырларга таазим кылышыбыз керек. Алар өз жанын элдин бейпилдиги үчүн арнады. Биз баатырларды даңктаганда гана мамлекет катары түбөлүк калабыз. Бир көчөгө алардын ысымын берип коюу жетишсиз деп эсептейм. Жогорку деңгээлдеги наамдарды берүү зарыл. Анткени келечек муунга дагы чоң стимул болот»,-деди Атазов.

Эске салсак, депутат Дастан Бекешев Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүн мекен чегинде эрдик көрсөтүп мерт болгон Эламан Ураимовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 159