• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Атазов vs Алимбеков. Бир мандаттуу сегиз шайлоо округтарында ким жеңди?

11 Бештин айы 2021 22:31 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өттү деп таап, жыйынтыгын расмий жарыялады.

Ага ылайык,

  • №7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов депутат болуп шайланды;
  • №15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
  • №16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
  • №23 Москва шайлоо округу — Ханджеза Карим;
  • №28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
  • №33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов;
  • №32 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков.

БШК добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күн ичинде (18-декабрга чейин) шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныкташы керек. Шайлоо 28-ноябрда өттү.

Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү үкөктөрдө, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды. Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып кетип нааразылык жаралган. Мындан кийин БШК добуштар кайра санала турган тилкелердин тизмесин бекиткен. Айрым округдар боюнча арыздангандар бар.

Буга чейин №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Шайлообек Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын жана жыйынтык боюнча сотко кайрыларын билдирген. 29-ноябрь күнү журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, атаандашы Нурбек Алимбековду жана анын тарапташтарын админресурс колдонууга, добуш сатып алууга айыптаган. Буга атаандашы Нурбек Алимбековдун штабы макул эмес экенин билдирип, сотко кайрылган. Алар Атазов Алимбековдун кадыр-баркына шек келтиргенин жана жалган маалыматтарды таратканын айтып жатышат.

Количество просмотров: 368