• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткаминерлер эмне үчүн басма сөз катчысын кызматтан кетиргендигинин себебин айтты

23 Баш оона 2018 17:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV   
Мамэкотехинспекциясынын жетекчилиги Анара Мамбеталиеваны эмне үчүн жумуштан кетирүү чечимин кабыл алганын түшүндүрдү.
Анара Мамбеталиева тарабынан социалдык түйүндөргө Мамэкотехинспекциясында болуп жаткан системалык, кадрдык жана финансылык жактан мыйзам бузуулар болуп жатканын жарыялаган кезде, мекеменин жетекчилиги тарабынан атайын кызматтык иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.
Комиссия бардык иштерди иликтеген соң, аны эсептөө палатасына жана башкы прокуратурага атайын юридикалык баа берүү үчүн жиберүү чечимин кабыл алган.
“Мекемеде Анара Мамбеталиева  жетечининин кабылдамасында өз ыктыяры менен жана жумуш убактысында уруксатсыз көтөрүлүш чыгарып, отуруп алган. Бул жагынан алганда, тартип комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде ченем кабыл алган”,-деп белгилешет.
«Анара Мамбеталиева иш-аракетинин себебин айтып, түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан»,-деп кошумчалады.
Тартип комиссиясы, басма сөз катчыны кызматынан бошотууну сунуштаган.
Количество просмотров: 22