• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров, Нарматованын кармалышы тууралуу үн катты

31 Тогуздун айы 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Москвада кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова жана активист Илгиз Шаменов Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу кармалгандардын жакындарынын маалыматына таянып жазды. Бул маалыматты «Манас» эл аралык аба майданындагы өздүк булактары дагы тастыктаган.


27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.


Бул тууралуу эл өкүлү Адахан Мадумаров өзүнүн пикирин билдирди.

Толугу менен төмөнкү жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 4587