• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Кыргызстанда сени таштандыдан издеп жатышат». Инанды Түркияда кандай шартта кармалганын айтты

25 Тогуздун айы 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жактоочусуна Түркияга жеткирилгенден кийин 37 күн кандай шартта кармалганын айтып берди. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Таалайгүл Токтакунова түркиялык кесиптешинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу менен сүйлөшкөн жана кесиптеши Инанды экөөнүн оозеки сүйлөшүүсүн айтып берген. Анын айтымында, Инанды 37 күн бою психикалык жана физикалык зомбулукка дуушар болгон.

«Саат 2-3 чамасында учакка отурдук, ошондо мага «Түркия мамлекетине кош келдиңиз!» деп айтышты. Андан соң «отур», «тур» деген сыяктуу буйруктарды байма-бай берип жатышты. Бир нече жолу аты-жөнүм менен туулган жылымды сурап, аудио аркылуу бирөөгө жөнөтүштү. Учактын ичинен ажатканага барган учурда башыман мүшөктү алышты, бирок өздөрүнүн беттерин жаап алганын көрдүм. Азиз жана Хайдар деген ысымдарды кулагым чалып жатты. Самолёттон түшкөндөн кийин бир имараттын жер төлөөсүнө барып, мага башка кийим-кече беришти. Ал кийимди 37 күн чечкен жокмун. «Тизеле», «башыңа мүшөк кий» деген сыяктуу кыймыл аракеттер күн сайын кайталанды. Ошол эле учурда катуу музыка жаңырып, күндө Мехтердин гимни ырдалып турду. Көзүм жалгыз калганда жана ажатканага кирген учурда гана ачык болду. Ар бир кыймылым камера аркылуу көзөмөлдөндү. Алардын буйруктарын бузган учурда ур-тепкиге алындым. Күнүнө 2 жолу тамак берилип, жаман сөздөр аркылуу басым жасалды. Ошол эле учурда шорпону кыйноо менен ичирип жатышты, анда дары болушу мүмкүн. Себеби, башкача бир даам келип жатты. Мени кайтарган кароолчу дагы абдан начар мамиле жасады. Ажатканага барган учурда бети-колду жууганга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Колум сынгандан кийин 1-2 жолу дарыгер карады. Сынган колумду таңып, ооруну басаңдатуучу дары берип турушту. Биринчи күндөрдөн баштап, 2 гана адам сурак алды. Жакындарыма амандыгым тууралуу кабар берейин деген суранычымды четке кагышты. Күн менен түндүн айырмасын билбей калуум үчүн тамакты алмаштырып берип жатышты. Алар кайсы кагаз бербесин кол койгонго мажбур болдум. Ыпылас сөздөрүн кайра кайталоо мүмкүн эмес. Ар кандай ыкма менен көрсөтмө алабыз дешти. Мисалы, токко урдуруп же сууга тумчуктуруу сыяктуу. 1 таякчага зымды ороп алып, бутка ургулашты. Көрсөтмө алчу столдо эки колум кишенделип, бутум чынжырлануу болду. «Биз азыр эле Кыргызстандан маалымат алдык, сени таштандыдан издеп жатышыптыр ал эми бул жерди эч ким таппайт» деп коркутуп, шакаба кылышты. Алардын айткандарына көнө турган болсом, коопсуздугумду камсыз кылуу менен үй-бүлөмдү алдыртып бере тургандыктарын кошумчалашты. Видео кайрылуу аркылуу мен өз калоом менен келдим деп айтышымды талап кылышты. Тандоо менде экенин балдарымды ойлоо керектигимди эскертишти. Кызыңды алып келдик дегенге чейин барышты. Эң акыркы күнү көзүм жабык бойдон сакалымды алышты. Кыргызстандан уурдалган учурда кийип жүргөн кийимдеримди ошондо кайра беришти. Костюмду сынган колум билинип калбасын деген негизде кийгизишти. Колумду рентгенге тартып, жыйынтыгын беришкен жок. Сурактар бүткөндөн кийин азыркы отурган жериме алып келишти. Оң колум азыр деле кыймылга келбей жатат. 2010-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жаранымын. Мени күч колдонуу менен уурдап, 37 күн кармашты», — деп сөзүн жыйынтыктаган Инанды.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Инандынын иши боюнча соттук отурум анын ден соолугуна байланыштуу улам жылдырылып, 26-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 10921