• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аткаминерлер отчет берет

17 Теке 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчеттук жумалыгы башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Графикке ылайык, 2022-жылдын 18-28-июлуна чейин тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын 6 айында аткарган ишинин жыйынтыктары жана алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берүү максатында жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууларды өткөрөт.

2022-жылдын 18-июлунда Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууга катышат.

2022-жылдын 19-июлунда медиа өкүлдөрү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги сыяктуу реалдуу сектордогу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушат.

2022-жылдын 20-июлунда Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев медиа чөйрө өкүлдөрү менен жолугушат.

2022-жылдын 25-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын социалдык блогунун: Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилери жана Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат бермекчи.

2022-жылдын 26-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушат. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ммлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу бар.

2022-жылдын 27-июлунда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Юстиция министри Аяз Баетов журналисттер менен жолугушууга катышат, алар командровкада болгондугуна байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен белгиленген убакытта жолугушууга катыша алышпайт.

Белгилей кетсек, жолугушуулар бейформал шартта өтөт. Алгач мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бетачар сунушталып, андан соң медиа чөйрө өкүлдөрү үчүн жыйындын катышуучуларына кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Количество просмотров: 343