31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев камалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.
Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлердин арты көрүнбөйт. Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.
«Кумтөрдөн финансылык колдоо алган бир нече депутаттар жөнүндө материалдар бар. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр фамилияларын ачык айтпайбыз”, — деген Ташиев.
«Кумтөр» жеп-жутарларды же “Центерраны” кустурабы? деген темадагы Майдандын катышуучулары:
Модератор: Кайыргүл Урумканова.