• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аткезчилик менен келген дарылар кармалды

13 Аяк оона 202415:56 Бишкек Govori.TV


12-сентябрда аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында 30 жаштагы Т.А., 26 жаштагы М.Ж. аттуу Арка айылынын жашоочулары айдап бара жаткан «Volkswagen LT46» жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалар кармалган.

Машинелерди кароо учурунда алардын биринен ампициллин жана цефтриаксон дарылары (145 куту, ар бир кутуда 16 таңгак, ар бир таңгакта 50 даана, болжолдуу суммасы 2 млн. 200 миң сом) табылды.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 125