Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган КР жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-декабрга караган түнү КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде Кыргыз Республикасынын эки жараны А.С.А. жана Н.А.М. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.
Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.
Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.